ЖКда кытайлык унаалардын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салган токтомду жокко чыгаруу демилгеси колдоо тапкан жок

Парламентте кытайлык жүк ташуучу унааларга байланыштуу маселе каралып жатат. Көпчүлүк депутаттар Торугарт-Эркечтам чек ара постуна терминал курулмайынча бул маселе чечилбей турганын айтып чыгышты. Депутат Алтынбек Сулайманов "Терминал курулганча азыркы токтом иштеп турсун. Анткени ат оонаган жерде түк калат. Ошол жерде жүк түшүрүп, кайра жүктөп элдер тиричилик кылып турсун",- деди. Төрага Асылбек Жээнбеков терминалды бир жылдын ичинде куруу керектигин билдирди. Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүгүнүн каршы добушу менен кытайлык унаалардын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салган токтомду жокко чыгаруу демилгеси колдоо тапкан жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан