Ушул маалда Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо түшкөн добуштардын 99,51 пайызы, башкача айтканда, 203 шайлоо участкасынын 202 участкасында добуштар саналып бүттү. БШКнын берген маалыматына ылайык, учурда алдыңы бешилтикте КСДП - 40438 добуш (32,87%), "Республика" - 22182 добуш (18,03%), "Ата Мекен" - 12649 добуш (10,28%), "Замандаш-Современник" - 11738 добуш (9,54%) жана "Ар-намыс" - 5982 добуш (4,86%) партиялары келе жатышат.