Августтун аягында Ысык-Көлдөн кара тумоодон (чума) бир баланын көз жумушу өлкөгө, чет өлкөгө чейин дүң болду. Бул учурда аймактагы кырдаал, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы улам-улам маалымат берип турган. Бул нерсе өкмөттөгүлөргө жакпай калыптыр. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Елена Баялинова “Ысык-Көлдөгү кырдаал боюнча маалыматтарды ашыкча таратты” деп өкмөт аны күнөөлөп жатканын айтып чыкты. Баялиновага чара көрүү боюнча өкмөттөн аталган министрликке бир нече телефон чалуу болуптур.
“Кара тумоо боюнча дүйнөлүк ММКлардагы уу-дуунун жаралышына биздин министрликтин “ачык” иштеп жаткандыгы себеп болуптур. Ысык-Көлдөгү болуп жаткан окуяны так, даана кыргызстандыктарга жеткирүүнү мен атуулдук милдетим катары сезем. Кыргыз эли өзүнүн ден соолугу тууралуу чындыкты билүүгө укугу бар. Ошондой карапайым калктын кызыкчылыгы үчүн көп жылдан бери иштеп келе жатам. Кара тумоо боюнча эч кандай жалган, туура эмес маалыматтар берилген жок, болгон чындыкты гана бердик”,- дейт Баялинова. Ал ошондой эле кара тумоо тууралуу маалымат берген чет элдик ММКларга көңүл буруп, аларды тынчтандыруу Саламаттыкты сактоо министрлигинин милдети эмес экенин айтты.
Баялинова өзүнүн интернеттеги баракчасына бир топ колдонуучулар кара тумоо оорусу боюнча ачык маалымат берип турганы үчүн ыраазычылык билдиришкенин айтты. "Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөттүн билдирүүсүнө чейин эле өлкөдө бубондук кара тумоого байланышкан эпидемия болбой турганын билдирген алгачкы мекеме болду. Ал эми өкмөт 28-августка чейин бул ишти кандай багытта чагылдыруу керектиги тууралуу сунуш айткан жок",- дейт Баялинова.
Ал эми өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов аталган министрликтеги кесиптешине эч кандай кысым болбогонун айтты. “Өкмөт тараптан өлкөнүн имиджин сактоо керектиги эскертилип, кара тумоо боюнча маалыматтарды өтө дүңгүрөтүп берүүнүн зарылчылыгы жок экени айтылган. Ошол, башка эч кандай кысым же телефон чалуулар болгон эмес. Маалыматты туура, так берүү сунушу айтылган”,- дейт Эржигитов.
Кыргызстандагы бир катар ММК өкүлдөрү Баялинова тарапта экенин билдиришип, өлкөдөгү бардык окуяларды коомчулук өз учурунда билип турууга милдеттүү экендиктерин айтышууда.