ЖКда мамлекеттик сыр тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат

Учурда ЖКда “КРнын Мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам боюнча баяндама жасаган УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, мамлекеттик сырлардын тизмесин атайын комиссия карап чыгып, өкмөт бекитет. Мыйзам долбоорун депутаттар талкууга алышууда. Депутат Кожобек Рыспаев "мисалы, эгер мэр шаардын башкы планын сыр кылып алса, анда кандай болот?" деп суроо узатты. Буга баяндамачы кайсы материал мамлекеттик сыр, кайсынысы сыр эмес экени мамлекеттик комиссиянын кароосунда чечиле турганын айтты. Мыктыбек Абдылдаев "Кыргызстанда мамлекеттик сыр калдыбы? Азыр үч адам биригип сүйлөшүүдөн да чочулап калган учурда жашап жатабыз",- деди.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан