Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун билдирүүсүнө жооп берди

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдирүүсүнө карата жооп кайтарды. Эске салсак, буга чейин Икрамидин Айткулов ММКларга Камчыбек Ташиевди психолого-психиатриялык экспертизадан өткөрүүгө гана макулдугун бергендиги тууралуу айткан. Бирок Башкы прокуратура "Икрамидин Айткулов экспертизаны өткөрүүгө гана эмес, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин психолого-психиатрикалык экспертизаны өткөрүүдө мыйзам бузуулар болбогондугу жана эч кандай доосу жок экендиги тууралуу да арыз жазып берген" деп билдирди. Башкы прокуратура далил катары И.Айткуловдун арызынын көчүрмөсүн көрсөттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан