Парламентте ишеним кат менен добуш берүүгө чек коюуга депутаттар каршы чыгышууда

Учурда депутаттар ишеним кат менен добуш берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун талкууга алышууда. Депутат Курмантай Абдиев "эгер ишеним кат менен добуш берүүгө макулдук берсек, анда депутаттарды каттоодон өткөрүүнүн кереги жок. Ооругандар, кызматтык сапарга чыккан депутаттардын саны өсөт. Айрымдар ишеним кат жазып коюп, жыйындарга келбей жүрө берет. Андай болбойт деп ким кепилдик бере алат?" деди. Депутат Заирбек Жоошбеков "эгер депутат мыйзам долбоору менен алдын ала таанышып, ошол добуш берүү күнү ооруп же кызматтык сапарга чыгып калышы мүмкүн. Ошондой учурда мен баланча деген мыйзамга макулмун же каршымын деп ишеним кат жазып кеткенге неге болбойт?" деген суроону көтөрдү. Буга Курмантай Абдиев эч кандай жооп узаткан жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан