Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду. Бул тууралуу Песков "Коммерсант" басылмасына берген маеги учурунда айткан.
"Азыр бир тараптуу пневмония болсо, үйдө эле дарыланып жатышат. Бирок эки тараптуу болгондо, айла жок...", - деген Песков.
Эске салсак, 12-май күнү Дмитрий Песковдун коронавирус жуктурганы маалымдалган.