Англия курамасынын жана ушул эле өлкөнүн "Тоттенхэм" футболдук клубунун жарым коргоочусу, белгилүү футболчу Деле Аллини 12-май күнү үйүнөн тоноп кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:30 чамасында бычак менен куралданган эки адам Аллинин үйүнө кирип келишкен. Футболчу бул учурда сүйлөшкөн кызы жана достору менен бильярд ойноп жаткан. Тоноочулар бычак менен коркутуп, футболчунун кымбат баалуу сааттарын жана сүйлөшкөн кызынын зер буюмдарын алып кетишкен.
24 жаштагы футболчу "Тоттенхэм" клубунун негизги оюнчуларынын бири. Клуб менен ал былтыркы жылы Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен.