Унаалар күйүп... Алматы–Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Алматы–Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

Каргашалуу окуя кечээ, 21-июнда унаа жолунун 135-чакырымында орун алды.

Алматы облусунун полициясы билдиргендей, Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге ​​чыгып, Toyota Highlander менен, андан кийин DAF жүк ташуучу унаанын чиркегичи менен кагышкан. Мындан улам унааларды өрт каптаган.

Mitsubishi Pajero унаасынын 4 жүргүнчүсү жана Toyota Highlander унаасынын бир жүргүнчүсү жеринде каза болуп, калгандары ооруканага жеткирилген.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

Алматы-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан