Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылынын "Жылмаюу" балдар бакчасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 6 жылдан бери тарбияланып келишет. 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата кечээ 27-ноябрда аталган балдар бакчасында марафон болуп өттү. Марафонго жергиликтүү бийлик башчылары, облус тургундары колунан келген акчалай каражат жана керектүү буюмдарды белек кылышты. Балдар бакчасынын кызматкерлеринин айтуусунда, марафондон түшкөн каражаттын бардыгына балдарга керектүү буюмдар алынат. Марафон “Жылмаюу” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын атайын концерттик программасы менен коштолду.