4-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 677 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 406 метр куб, суунун агып чыгышы 230 метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 385 миллион метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши 424 куб метрди, агып чыгышы 331 куб метрди түзгөн.