2012-жылдын 8-октябрь күнү саат 9:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын чыгыш тарабындагы мал багуучу адырда азиат улутундагы 15 жаштагы баланын сөөгү табылган эле. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран Маманазаров Орозбек экени аныкталып, анын мууздалып өлтүрүлгөнү такталган болчу. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Аида Зулпукарова маалымдагандай, бул факты боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Далил буюм катары бир бөтөлкө арак, бир даана тамеки кутучасы жана сыра идишинин сыныктары алынган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштеринин натыйжасында мурун 2 жолу соттолгон 30 жаштагы Эсенбек Манаев кармалды. Ал каза болгон баланын жездеси экендиги аныкталды. Сөөктү жерге берүү зыйнатында да эл менен чогуу катышып жүрө берген Э.Манаев шектүү катары кармалып суралганда гана күнөөсүн мойнуна алган.