ӨКМ Кыргызстандын аймагында 29-ноябрдан 2-декабрга чейин маал-маалы менен кар жаап, жолдор тайгак болорун эскертти. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетип, айылдарда абанын температурасы төмөндөмөкчү. 29-ноябрь күнү алыскы аймактарда абанын температурасы -1...-6 градуска, 30-ноябрдан 2-декабрга чейин -8...-13 градуска чейин жетет. Мындай аба ырайы транспорт, энергетика, байланыш тармактарына кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.