"Нарында өткөн аптада абал өтө оор болду. Азыр дагы чыңалуу абалында турат". Нурболот Үсөнбаевдин онлайн маалымат жыйыны (видео, хронология)

Бүгүн, 4-июнга карата саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча жаңы жагдайларды айтууда. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде соңку сутка ичиндеги статистикаларды билдирүүдө.

2020-06-04 10:24:00

Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды Нурболот Үсөнбаев онлайн жыйында айтып берди.

"Бүгүн облуста 1 адамдан коронавирус чыкты. Жалпысынан абал дагы деле чыңалууда. Бирок өткөн апта Нарын облусунда абал өтө оор болду. Ошол учурда чыңалуу туу чокуга жетип, көп адамдардан коронавирус чыгып жатты. Азыр эми абал турукташып калды. Бирок кечээ, 3-июнда бир жаран каза болду. Бул облуста укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы бул вирусту көп жуктуруп алышты. Мунун баары алгачкы ооруган адамдын дарылоо учурунан кетип калды. Ал учурда санитардык эрежелер толук сакталбай калган. Ошол үчүн азыр дагы биз айтылган эрежелерди сакташыбыз керек. Болбосо дагы да кооптуу абал боло берет", - деди ал. 

2020-06-04 10:13:00

"Кечээ, 3-июнда каза болгон дарыгерге компенсация төлөнүп берилеби?" деген суроого министрдин орун басары төмөнкүчө жооп берди.

"Ал маселени Саламаттыкты сактоо министрлиги карап жатат. Бардык шарттарды карап чыгып анан белгилүү болот", - деди ал.

2020-06-04 10:12:00

"Жакынкы күндөрү бала бакчалар иштеп баштайт. Ошондой эле алардын иштөөсүнө атайын алгоритмдер иштелип жатат. Ошондой эле Ысык-Көлгө бара турган эс алуучулар үчүн дагы атайын эрежелер иштелип чыккан. Азыр жеринде кызматкерлер иштеп жатышат", - деди Үсөнбаев.

2020-06-04 10:09:00

Учурда 12 адам оор абалда ооруканада жатат.

2020-06-04 10:08:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Алар:
Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 4;
Нарын облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен жабыркаган медициналык кызматкерлердин саны 372. Алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-06-04 10:05:00

4-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 28 адам жуктуруп алган.
Бишкек шаары – 15;
Нарын облусу – 1;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 6;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1;

Республика боюнча жалпы - 1 миң 899га жетти.

2020-06-04 10:02:00

Бир сутка ичинде ооруканадан 27 бейтап чыгарылды.

Айыккандар:
Бишкек шаары – 24;
Ош облусу – 1;
Баткен облусу – 2.

Республика боюнча жалпы 1 миң 292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан