Иса Өмүркулов орусиялык депутаттар менен Бишкекте Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин филиалын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 28-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алексей Макаров жана Андрей Анохин менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, Кыргызстандан Санкт-Петербург шаарына эт тапшыруу ишин калыбына келтирүү тууралуу сөз болду. Ошондой эле Бишкекте Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин филиалын ачуу тууралуу сүйлөшүү болду.