"Мен берген убадаларыма дайыма бек турууга аракет кылам",- деди президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги "Манас" аба майданында жайгашкан транзиттик жүк ташуучу америкалык борбордун келечектеги тагдыры тууралуу орусиялык Россия-24 телеканалы менен маек куруп жатып. Президенттин айтымында, "Манас" аба майданында жайгашкан америкалык авиабазаны чыгаруу маселеси 2010-жылы көтөрүлгөн. Бул тууралуу А.Атамбаев: "Мен коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү жана АКШнын Мамлекеттик департаменти менен байланышып, "Кыргызстан - өнүккөн өлкө, келишимди бузбайт" деп айттым. Ошондой эле келишим боюнча 2014-жылы "Манас" жарандык аба майданына айланышы керек экендигин билдирдим",- деди.