Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Пашинян менен сүйлөшүп, тез арада сакайып кетишин каалады

Бүгүн, 9-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Никол Пашинянга тез арада толук сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле эки өлкө лидерлери коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар, өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Никол Пашиняндан 1-июнь күнү коронавирус инфекциясы аныкталган жана ал үйүндө эле иштей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан