Экс мэрлердин эки жылдан берки соттук иштери: Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишти кароо 17-июнда уланат

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишти кароо боюнча соттук отурум уланды. Бишкек шаардык соту отурумда иштин материалдарын изилдɵɵ аяктаганын маалымдады. Андан соң соттук коллегия жарыш сɵзгɵ ɵткөн.

"Жарыш сɵзү менен жактоочулар жана айыпталуучулар чыгышты. Бɵлүнгɵн убакыттын келип жеткендигине байланыштуу сот отуруму 17-июнга саат 10:00гө жылдырылды. Бишкек шаардык сотунда айыпталуучулар Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов менен биргеликте башка айыпталуучулардын да иши каралып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин "Дастан" ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата "коррупция" беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган. Бирок жактоочулар макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан