Биринчи Май райондук соту депутаттар Ташиев, Жапаров жана Мамытовду 3-январга чейин камакта калтырды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 27-ноябрда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун абактагы мөөнөтүн бир айга узартып, 3-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Жактоочу Айткулов Биринчи Май райондук сотунун бул чечимине макул эместигин айтып, Бишкек шаардык сотуна арыз жазганын кошумчалады.