Эртең Бишкек шаарындагы Дордой конушунда оңдоо иштерине байланыштуу 11:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт. Ал эми маал-маалы менен ушул эле күнү Сокулук айылында (Строительный, Белинский, Мельничный, Труд, Фрунзе, Молодёжный, Северный, Новый көчөлөрүндө) да электр энергиясы өчүрүлмөкчү. Ал эми Кызыл-Аскер районунда 28инен 29-ноябрга караган түнү 00:00дөн таңкы 5:00гө чейин электр энергиясы берилбейт.