24-ноябрда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Тамашоунун” мектеп лигасынын жаңы сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү. Анда Нарын шаарынан барган Токтогул атындагы №1-мектептин “Красавчики” командасы “Эң мыкты команда” номинациясында жеңип келди. Мектеп лигасында борбор калаадан тышкары аймактардан Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 18 команда күч сынашкан. Жеңишке жетишкен “Красавчики” командасы кийинки оюндарга жолдомо алып кайтты.