Бүгүн Жогорку Кеңеште КРнын Президенти тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган Курманбек Жороев аталган кызматка шайланды. Анын шайланышына 99 депутат макулдук беришти. Андан соң Курманбек Жороев салтанаттуу түрдө ант берип, ишеним көрсөткөндүгү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.