ЖКда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарга жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеген “КРнын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Маалыматтар боюнча, бул мыйзам долбоору менен акциялардын 30 пайыздан ашыгы мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон коммерциялык уюмдардын кызматчылары тарабынан ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жазаны күчөтүү, аларды оор кылмыштарга таандык кылуу максатында даярдалган. Талкуу учурунда акциялардын 50 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке таандык болгон коммерциялык уюмдардын кызматчыларына жазаны күчөтүү сунушу да айтылды. Өмүрбек Текебаев 30 пайыздык өлчөм туура экенин белгилеп Кумтөр ишканасын мисал келтирди. Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан