Каракол шаарынын мэрине жана вице-мэрине карата кылмыш иши козголду

Каракол шаарынын мэрине жана вице-мэрине карата кылмыш иши козголгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин алдындагы коррупция менен күрөшүү бөлүмүнө Каракол шаарынын шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү мэрия тараптан тендердик комиссияга кысым болуп жаткандыгын айтып кайрылган. Тиешелүү органдардын текшерүү маалында Каракол шаарынын мэри жана вице-мэри тарабынан кысым болуп жатканы аныкталган. Аталган кызматкерлер мамлекеттин кызыкчылыгына карабай билим берүү тармагына тамак-аш сатып алууга келишим түзүү үчүн кысым кылышкан. Учурда бул иш боюнча шаардык прокуратура тарабынан  Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан