"Rixon" ооруканасына жетишсиз болуп жаткан дары-дармектен 53 куту жеткирилди

"Rixon" ооруканасына 53 куту дары-дармек жеткирилди. Аталган убактылуу стационар Бишкек шаарынын Медеров көчөсү 71 дарегинде жайгашкан мейманкананын базасында ачылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Тилекке каршы дары-дармектердин жетишсиздиги республика боюнча байкалууда. Ага карабастан, фонддун кызматкерлери жетиштүү дарыларды сатып алышып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен, мисалы: дексаметазон, рингер, гепарин, адреналин, преднизон жана аскорбин кислотасы.
“Rixon” убактылуу ооруканасында дарылоо процесси дагы эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин "Rixon" убактылуу стационарынын жетекчиси акыркы аптада 18 бейтап айыгып чыкканын маалымдаган. "Стационарда дарыгерлер төрт нөөмөт менен иштейт. Ачылгандан ушул убакытка чейин 400дөн ашык жаран кабыл алынган", - деп билдирген оорукана башчысы Дөлөн Зарипов.
Ал эми Ош шаарында ачылган “Андрос Ош” көп профилдүү клиниканын базасында убактылуу оорукана 35 орунга ылайыкталган, анын ичинде эки жандандыруучу керебет бар. Стационар ачылары менен 6 саат ичинде орундардын баары ээленген. Фонд тарабынан дарыгерлер күн сайын бейтаптарды камсыз кыла турган өмүргө маанилүү дары-дармектер сатып алынган. Стационарда 6 дарыгер, 5 медайым жана 5 санитардан турган бригада күнү-түнү иштеп жатат. Ооруканада 2 жасалма дем алдыруучу ИВЛ жабдыгы, 7 кислород концентратор бар.



Ошондой эле фонд тарабынан кечээ, 12-июлда оорукананын "кызыл зонасында" иштеген медициналык кызматкерлерге 3M 6200 жогорку коргонуу респиратору белекке берилди. "Менин иним, Райымбек Матраимов өмүр менен өлүмдүн ортосунда кызмат кылган дарыгерлердин жумушу токтоп калбашы үчүн коргоочу жабдыктарды үзгүлтүксүз сатып алып жатат", - деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.

5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болуп жатат", - деп билдирген.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-07-13 11:31:31
Аллахым ыраазы болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан