Депутат Дастан Жумабеков: "Энергетика министри ишин эптей албаса, ордун бошотуп берсин"

"Өкмөт "быйыл жаратылыш газын былтыркыга караганда көп сатып алуудабыз" деп жатат. Анда эмне үчүн Ош шаарында газ жетишпей чектелип жатат?" Мындай суроону бүгүн ЖКда депутат Төрабай Зулпукаров өкмөттүн Парламенттеги өкүлүнө узатып, тез арада элге бул тууралуу маалымат берүү керектигин белгиледи. Бул пикирди депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Дастан Жумабеков колдоп, өкмөттү сынга алды. Дастан Жумабеков "өкмөт кышка даярбыз деп жатты эле, кана ошол даярдык? Энергетика министри кечээ Жогорку Кеңешке келип, кайра эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап чыгып кетти. Мындай болбойт. Эгер ал ишин эптей албаса кызматтан кетсин да, ордун иштей тургандарга бошотуп берсин",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан