Болливуд жылдызы 4 миң студентти Кыргыз өлкөсүнөн алып кетүүгө убада берди

Индиялык актёр, модель жана продюсер Сону Суд коронавирус пандемиясынан улам Кыргыз өлкөсүнөн кете албай калган 4 миңге жакын индиялык студенттерди алып кетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, студенттер өкмөткө кайрылып, белгилүү инсандарга социалдык тармак аркылуу Кыргыз өлкөсүнөн алып кетүүнү суранып кат жазышкан. Социалдык тармакта алардын өтүнүчүнө жооп берген Болливуд жылдызы Сону Суд жакын арада мекендештерин мекенине кайтарууга жардам берем деп убада берген.

"Үйгө кайта турган убакыт келди, бардыгын үйгө кайтаралы. Мен сиздерден дуба кылууну суранам. Бул Кудайымдын жардамы менен жакында ишке ашат. Менин кийинки максатым", - деп жазган ал студенттердин өтүнүчтөрүнө жооп берип.

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Индиядан келген 4 миңден ашык студент коронавирус пандемиясынан улам мекенине кайта албай калышкан. Көпчүлүгү чек ара жабылганга чейин үйүнө кайтууга үлгүрүшкөн эмес. Студенттер Кыргыз өлкөсүндө жашоо үчүн акча каражаты жок калгандыгын айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nargiz-sa
2020-07-15 15:32:25
Мурда эле кетиш кк болчу булар
+4
aza84
2020-07-15 16:11:10
Саксандап эле көчөдө журушотко
+4
rysik79
2020-07-15 18:56:33
Жакшы жаңылык кетишсин.
+2
Nursul
2020-07-16 08:07:54
Кетишсин качан эле кетиш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан