“Ата Мекен” партиясы кечээ Талас шаардык сотуна Талас шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын үстүнөн №6108-шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылды. Эске салсак, 27-ноябрда “Авангард”, “Ата Мекен” жана “Мекен ынтымагы” партиялары Таластагы аймактык шайлоо комиссиясынын кабинетин протоколдору менен бекитип коюшкан. Комиссиянын кызматкерлери мэриянын имаратында иштеп жатышат. Аталган 3 партиянын талабы – добуштарды кайра эсептөө.