28-ноябрь күнү түшкү саат 2:30дар чамасында Чүй районунда адам өлүмүн алып келген автокырсык катталганын Чүй облустук ИИБи билдирди. Мерседес-Бенц 609 жеңил унаасынын 40 жаштагы айдоочусу С.М. Искра-Кара-Дөбө жолунан Т-40А үлгүсүндөгү тракторду сүзүп алган. Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, жол кырсыгынын келип чыгыш себептери аныкталууда.