Жайыл районундагы автокырсыктан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Кечээ, 28-ноябрь күнү 18:00дөр чамасында Жайыл районунда катталган автокырсыктан бир адам каза болуп, 3 адам жабыркаганын Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Запорожец унаасынын 23 жаштагы айдоочусу О.Г. мас абалында Кара-Балта-Ак-Башат унаа жолунан рулду башкара албай, машина оодарылып кеткен. Жыйынтыгында унаанын ичиндеги 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, алардын ичинен бирөө каза болду. Учурда бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан