Канадада иштеп жүргөн кыргызстандыктар Турсунбек Акун менен жолугушууда аталган өлкөдө Кыргызстандын элчилигин ачуу зарылдыгын белгилешти

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун кезектеги иш сапарында Канада мамлекетинин  Оттава шаарында жердештерибиз менен жолукту. Жолугушуу учурунда кыргызстандыктар өздөрүн жана Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари жана башка шаарларда жашаган жердештерибизди түйшөлткөн көйгөйлөр жөнүндө башкы укук коргоочуга айтып беришти. Мисалы, кош жарандуулукту  мыйзамдын негизинде бекитүүнү тиешелүү органдарга жеткирүүнү суранышты. Учурда Канадада жашап жаткан жердештерибиз кайсы бир учурда Кыргызстанга кайтып келүү үмүттөрү болгондуктан, келгенден кийин өз өлкөсүндө алардын жарандыгы сакталып турса деген тилектерин билдиришти. Ошондой эле башкы укук коргоочуга болгон дагы бир өтүнүч Канада мамлекетинде жыл сайын мигранттардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын элчилигин ачуу маселеси дагы айтылды. Кыргызстанга кайтып келери менен акыйкатчы Турсунбек Акун Канададагы мекендештерибиздин өтүнүчүн иликтөөгө алганын КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан