Смартфондон карта менен онлайн төлөө Кыргызстанда жеткиликтүү

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы менен онлайн төлөөнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары түз эле смартфондон карта менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берген банктык карталарды кошуп алуу жана колдонуу функциясына баа беришти!

Бул опциянын негизги артыкчылыктары тууралуу айтып беребиз.

  1. Ыңгайлуу. Кошулган банктык карта төлөм терминалын издөө муктаждыгынан куткарат. Капчыктын балансын керектүү учурда толуктоо же кызматты картанын эсебинен түз эле төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

  1. Оңтойлуу. Тиркемеде карта менен ар дайым акча каражаттарынын булагын тандоо мүмкүнчүлүгү болот: капчыкта же баланса каражаттар жеткиликсиз болсо телефондун балансы, электрондук капчык же кошулган карта.

  1. Тез. Төлөө үчүн каталогдон кызматты тандоо же кассадан QR-кодду сканирлөө керек. Мындан ары ашык акчаны күтүүнүн же картаны кассирге берүүнүн, пин-кодду киргизүүнүн жана чекке кол коюунун кереги жок.

  1. Оңой. Капчыкка картаны саналуу мүнөттөрдө кошуп алса болот. «Мой О!» тиркемесин орнотуу, «Менин карталарым» вкладкасын ачуу, картанын маалыматтарын бир гана жолу көрсөтүү жетиштүү жана кызматтарды дароо төлөй баштаса болот.

  1. Пайдалуу. «О!Деньги» капчыгы аркылуу «Элкарт» карталары менен төлөө ар дайым комиссиясыз. 2020-жылдын 30-сентябрына чейин DemirBank банкынын карталары менен төлөө дагы комиссиясыз. Ал эми башка банктардын Visa жана Mastercard карталары үчүн комиссия сумманын 1,5%ын түзөт.

  1. Коопсуз. Бардык операциялар маалыматтардын коопсуздугунун PCI DSS эл аралык стандарттарына ылайык ишенимдүү корголгон.

Google Play же App Store платформаларында «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз жана «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернетти, мобилдик байланышты, айып пулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

«О!Деньги» кызматы «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан