Мамлекеттик башкаруу академиясы Орусиянын престиждүү ЖОЖдору менен кызматташуу макулдашуусуна кол койду

Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Орусиянын престиждүү ЖОЖдору жана уюмдары менен кызматташуу тууралуу макулдашуусуна кол койду. Алар: Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу жогорку мектеби, Урал экономикалык университети, коммерциялык эмес "Евразиянын мурасы" фонду, Олег Дерипаскага таандык "Эрктүү иш" кайрымдуулук фонду жана орусиялык Стратегиялык изилдөөлөр институту. Макулдашуунун алкагында мамлекеттик кызматкерлер менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү каралган. Документке кол коюу экинчи кыргыз-орусиялык аймактар аралык конференциясынын жүрүшүндө болуп өттү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан