Жантөрө Сатыбалдиев: "Акырындык менен саламаттыкты сактоо тармагын өзүн-өзү камсыздай ала тургандай кылышыбыз керек"
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Саламаттыкты сактоо саясаты боюнча эки күндүк форумду ачып жатып: "Биз бир гана бөлүнүп жаткан каражатты пайдалуу жана рационалдуу колдонбостон, андан сырткары акырындык менен саламаттык сактоо тармагын дотациялык катардан чыгарып, өзүн-өзү камсыздай тургандай кылышыбыз керек. Ошондуктан жакынкы келечекте медициналык мекемелерди өзүн-өзү каржылоо шартына которуу тууралуу маселени чечишибиз керек, аны менен бошотулган каражатты тармакты өнүктүрүүгө багыттоо зарыл",- деди.