"Хайп же провокациябы?". Тимур Файзиев футбол тууралуу айтканы боюнча түшүндүрмө берди

Elite House компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиевдин социалдык тармак аркылуу түз эфирде футбол тууралуу айтканы кызуу талкууга алынган. Анда Файзиевге стадион куруу маселеси тууралуу суроо берилген.

"Стадион кура алам, бирок курууну каалабайм. Себеби, футбол - бул балдар бакчасы, пайдасыз оюн", - деп жооп берген. Ошондон бери ага карата жазылган пикирлердин саны суюла элек. Көпчүлүк ишкер бул айтканы менен өзүнө "хайп" жаратты деген оюн жазышууда.

Бул боюнча SUPER.KG порталы ишкердин өзүнө кайрылып, көпчүлүктүн талкуусуна алынган бул сөздөрдүн артындагы маанисин сурады. Анын айтымында, түз эфирде ишкерлик, андагы ийгиликтер тууралуу сөз болуп жаткан жана мындай ийгиликтерге жетүү үчүн билим көбүрөөк роль ойнойт деген ойду билдиргиси келген. Бирок бул спорттон алыстагыла деген чакырык эмес.

"Азыр мага көп кишилер "муну атайын эле жасадыңбы же хайп үчүнбү" деп чалып, жазып жатышат. Мен адамдарга жаман көрүнүп кантип атайын айтмак элем? Мындайды эч качан атайын кылмак эмесмин. Түз эфиримде балдарга билим алгыла, ойлонгула, профессионал футболчу болуш үчүн 10 жыл машыгыш керек деп айткан сөзүмдү атайын кесип алышыптыр. Мен футболду жакшы көргөн тааныштарымды абдан сыйлайм.

Менден келип 2ийгилик жаратыш үчүн, бай болуш үчүн, элге кызмат кылуу үчүн футболчу болоюн деп жатам кандай дейсиз?", деп сураса 100 пайыз "болбо" деп бетине айтам. Эмнеге десеңиз дүйнөдө 50 миллиондон ашык миллионер киши бар. Ошонун 93 пайызы акылын иштеткендиги үчүн миллионер болгондор. 6 пайызы ата-энесинен мураска калып миллионер болгондор. Калган 1 пайыз миллионерлер башка кесип менен жана лоторея ойноп миллионер болгондор.

Мен ушул статистиканы билип туруп, жаштарга бул жөнүндө кантип айтпай коё алам. Мен үчүн футбол пайдасыз оюн. Бирок менин элге эч кандай доом жок. Мен аларды абдан сыйлайм жана урматтайм. Алар менен мамиле түзгүм келет жана түзүүгө даярмын. Кимди капа кылсам Аллахтын ыраазычылыгы үчүн, ага-ини катары кечирим сурайм", - деди Файзиев.

Анын айтымында, белгилүү ишкерлер тарабынан түзүлгөн КБК (Кыргыз бизнес курамасы) долбоорунун алкагында өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиясында спортту өнүктүрүү каралган. Бирок азыркы учурда биринчи орунда стадион эмес, пандемиядан кийин өлкө экономикасын, медицина жана билим берүү тармагын өнүктүрүү биринчи орунда.


кошулду
"Хайп же провокациябы?". Тимур Файзиев футбол тууралуу айтканы боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2020-09-07 21:11:36
Тимур брат куноосун сезип кечирим сурады дагы деле талай беруу туура эмес,футбол деле башка спорттордой эле спорт,болгону мен кызыкпайм деп койсо туура болмок.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан