Бүгүн, 7-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын үстүнөн жазган арызы Свердлов райондук сотунда каралууда.
Азыркы тапта партиянын тарапташтары сот алдында туруп, чечимди күтүшүүдө. Сотко Ички иштер министринин мурдагы орун басары, генарал Курсан Асанов келип, сөз сүйлөдү.
БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.