Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысы Юруслан Тойчубеков ЖКнын кезектеги жыйынында казинолор жабылгандыгы үчүн Кыргызстан 1 миллиард сом жоготконун айтты. Эске салсак, Кыргызстандагы казинолордун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу мыйзам ушул жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген.