"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына статуэтка тандалып алынганын аталган фестивалдын уюштуруучулары билдирди. Эске салсак, буга чейин фестивалга статуэтка жасоо үчүн сынак жарыяланган. Сынакка 38 талапкер катышып, алардын ичинен Көркөм сүрөт академиясынын 5-курсунун студенти Эрбол Мамасадык уулу жеңүүчү аталды. Эрбол атаандаштарынан алдыга озуп чыгып, 10000 сом акчалай байгеге ээ болду. Автордун айтымына караганда, статуэтка – ийгиликке, бийиктикке умтулган кыргыз кинематографиясынын белгиси.