Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы музейде Роман Гуманюктун Чернобыль катастрофасына арналган “Припяттын оттору же Чернобылдын көлөкөлөрү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына Эмил Каптагаев, Бектемир Мурзаибраимов, Юристанбек Шыгаев сыяктуу бир катар коомдук ишмерлер, студенттер жана шаар тургундары катышышты. Көргөзмөгө жаш сүрөтчүнүн ондогон эмгектери коюлду.