Кыргыз боксунун 85 жылдыгынын урматына 4-декабрдан 8-декабрга чейин Бишкек шаарында бокс боюнча ачык чемпиондук өтөт. Таймаш баш калаадагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын бокс залында орун алат. Белгилүү болгондой, мелдешке өспүрүмдөр гана катыша алышат.