Баткен. Кадамжай районунда "Достук" көпүрөсү ачылды
27-ноябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай
районуна караштуу Халмион айыл өкмөтүндө
жаңы “Достук” көпүрөсү ачылды. Анын узундугу 6 метр 80 сантиметр, туурасы 4
метр болуп, Масалиев, Халмион, Жаштар-Абат, МФТ айылдарын бириктирип турат. Бул тууралуу Кадамжай райондук
администрациясынын аппарат жетекчиси Исамидин Абдуллаев билдирди.