Жалал-Абад. Көп кырдуу талант Садыралы Абдукеримовдун жаркын элесине арналган иш-чара өткөрүлөт

7-декабрда Жалал-абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда кыргыз журтчулугуна өзүнүн чыгармачылык бай дүйнөсү менен кеңири таанымал болгон жазуучу, акын, обончу, режиссер, журналист Садыралы Абдукеримовду эскерүу кечеси болот. Бул тууралуу анын уулу Медер Садыралиев кабарлады. Анын айтымында, бул кечени аны жакындан билген калемдештери, чыгармачыл санаалаштары жана уул-кыздары демилге көтөрүп чыгышып, уюштурушууда. "Атам көзү тирүү маалында "Бой тумар" аттуу китебин жарыкка чыгарган болчу. Бирок "Кыргыз көчү" аттуу китеби басууга даярдалып жатканда көзү өтүп кете берген эле. Буюрса, атамдын туулган күнүндө эскерүү кечеси менен биргеликте "Кыргыз көчү" аттуу китебинин бет ачары да болуу алдында турат. Мындан сырткары үчүнчү китеби - пьесалар жана прозалар жыйнактары бүгүнкү күндө басууга даярдалууда",- дейт жазуучунун уулу. Ошондой эле кечеге эстрада жылдыздары катышып, "Серенада" аттуу ырын ырдап таанылган Жамал Абдукеримова менен Анипа Абдукеримова атасынын калемине таандык бир катар ырларды элге тартуулашмакчы. Эскерте кетсек, Садыралы Абдукеримов 2007-жылы тартылган "Кайып-Булак" көркөм фильминин сценарийин жазып, редакторлук милдетин аркалаган. 2008-2009-жылдары "Кара илбирс" көркөм фильминин сценарийин жазып, режиссер-коюучу катары фильмди аягына чейин тарткан. 2010-жылы болгон коогалаңдын кайталанбастыгы үчүн тарбиялык таасири бар "Коңшулар" аттуу комедиялык жанрдагы пьесасы  республикабыздын бардык район-шаарларынын сахналарында коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Садыралы Абдукеримов "Манас -1000" эстелик медалынын, "Кыргыз тили" жана Маданияттын мыкты кызматкери төш белгилеринин ээси. Маркум 2012-жылдын 3-март күнү 57 жаш курагында о дуйнө салган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан