Парламентте "Манас" аэропортунда курулуп жаткан аэронавигациялык мунара тууралуу маселе каралды

Бүгүн ЖКнын жыйынында “Манас” аэропортундагы аэронавигациялык мунаранын курулушу тууралуу маселе каралды. Жыйынга чакырылган КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов аракеттеги аэронавигациялык мунара аба мейкиндигиндеги коопсуздукту камсыз кылууга жапыздык кыларын айтып, коопсуздук маселесинде курулуп жаткан жаңы аэронавигациялык мунаранын зарылдыгын билдирди. Министрдин айтымында, учурда 7 кабат курулуш негизинен бүтүп калды. Графикке ылайык, 2013-жылдын июнуна чейин мунара ишке берилет. Депутаттар Нарынбек Молдобаев, Абдыжапар Бекматов, Игорь Гусаров 1 чарчы метр курулушка 600-800 АКШ доллары каржыланарын, ал эми бул курулуп жаткан мунаранын 1 чарчы метр аянты 15 миң долларга бааланып жатканын сынга алышып, өлкөгө 36 метрлик мунара курулушу керектигин айтышты. Депутат Ахматбек Келдибеков бул мунаранын курулушун иликтөө жүргүзүүнү күч органдарына тапшырууну сунуш кылды. Депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан