Баткен. Катраң айылында алтын кенине байланышкан чыр-чатак уланууда

Лейлек районуна караштуу Катраң айылындагы алтын кенине байланыштуу чыр-чатак дале басылбай жатат. Экология олуттуу зыяндарга учурады, агын суулар булганып, жашыл арчалар жабыркаган деген онго жакын талаптар менен нааразычылыкка чыгышкан жаштар адегенде айыл округунун башчысына жана райондун акимине атайын кат менен кайрылышкан. Бирок кайрылууга карабастан, жергиликтүү калк тарабынан коюлган талаптар аткарылган эмес. Ушундан улам жергиликтүү тургундар алтын чалгындоочу "АЗЭТ интернейшл" деген орус-кыргыз биргелешкен компаниясынын кызматкерлеринин убактылуу жашап турган үйлөрүн талкалап, мончосун күйгүзүп жиберишкен. 28-ноябрда Катраң айылынын тургундары менен жолугушууга КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Атамбек Ботоев, облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги Анарбай Алимбеков, облустун прокурорунун орун басары Авазбек Бакыбековдор барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул окуя боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин баштап, аны уюштургандарды суракка чакырганда окуя дагы курчуп, бүгүн айыл жаштары Баткен-Исфана жолунун 92-чакырымын тосуп алышкан. Алтын кенине байланышкан чыр-чатакты токтотуу үчүн жергиликтүү жетекчилер, укук коргоо органдары барышып эки тараптуу келишимге келишти. Натыйжада элдин талабы боюнча Катраң айылында эл менен КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков жолугушат. Алынган маалыматтарга таянсак, бул боюнча өкмөттүк деңгээлде да комиссия түзүлдү.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан