Феликс Кулов коалициядан чыкса, премьер-министрлик кызмат сунушталганын четке какты

Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов коалициядан чыкса, премьер-министрлик кызмат сунушталганын четке какты. Бул тууралуу: "Мага эч ким эч нерсе сунуштаган жок жана сунуштай да албайт. Андай кеп болгон жок",- деп билдирди Ф.Кулов ата мекендик маалымат-агенттиктеринин бирине. Эл өкүлү эгер жогоруда аталган сунуш түшсө да макул болбой тургандыгын билдирди. Анткени андай сунуш провокациялык мүнөзгө ээ. Ошондой эле Ф.Кулов "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жолукпагандыгын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан