Бишкекте 30-ноябрда Эл аралык майыптар күнүнө карата Октябрь райондук администрациясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга майрамдык кече уюштуруп берет. Буга карата шаардагы №4-искусство мектебинин чыгармачыл жамааты концерттик программа даярдаган жана иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелген 180 адам чакырылганын айтышат уюштуруучулар. Чакырылгандарга акчалай жардамдар берилмекчи. Иш-чарада ошондой эле жаш балдардын колунан жасалган оюнчуктар жана сүрөттөр көргөзмөсү да уюштурулат.