94,42 пайыз шайлоо тилкесинен добуштардын саны жарыяланды. Алдын ала жыйынтыктар (саат 21:00гө карата)

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырууда.

Жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси бар, 2 миң 337 тилкесинен маалымат келди. Шайлоого 1 миллион 893 миң 637 жаран добуш берди. Көрсөткүч улам өзгөрүүдө.

№1 "Биримдик" 24,45 %

№2 "Мекенчил" 6,86%

№3 "Ыйман Нуру" 3,36%

№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,95%

№5 "Реформа" 1,61%

№6 "Ата Мекен" 4,03%

№7 "Замандаш" 2,17%

№8 "Бүтүн Кыргызстан" 7,09 %

№9 "Социал-Демократ" 2,1%

№10 "Мекен Ынтымагы" 0,63%

№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,17%

№12 "Ордо" 0,22%

№13 "Бир Бол" 3%

№14 "Республика" 5,84%

№15 "Кыргызстан" 8,78%

№16 "Чоң Казат" 2,33%

№17 Баарына каршы 1,79%


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Alishdaman
2020-10-04 21:35:54
Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан ушул үч партия акчанын күчү менен келди интернетте ютупта жүрөт мыйзам бузуулар боюнча
+17
JaneEr
2020-10-04 21:45:07
Alishdaman,булардын голосун жок кылса аябай сонун болмок
+6
JaneEr
2020-10-04 21:38:39
Беларуссиянын кейпин кийбесек болду эми кудай сактасын.
+11
Invests
2020-10-04 21:47:34
Чыда кыргызым дагы 5жыл. Уурулар дагы келишти. Окунучтуу
+7
Jelezo
2020-10-04 21:50:47
Элге убал жок.Өздөрү каалаган бийликти шайлап алышты.
+4
Ruslan-Gaparov
2020-10-04 21:52:25
акчага сатылдык дагы сатылдык Биримдик сатып алды 2000 сомдон барын окунучтуу
+10
Federik
2020-10-04 22:01:31
Кыргызстан партиясы кантип эле 9%добуш алат эле,бул шайлонуу орусия чечет хочешь не хочешь.
+2
Jelezo
2020-10-04 22:02:37
Бул жерде туура эмес оппозициялык партияларды атайын өткөзгөн жок.Компютерлериң деле сатылып кетиптир.Кайрадан блютенди бирден санаш керек же шайлоо жараксыз деп табылышы керек.
+3
kulubaev91
2020-10-04 22:32:03
Баардык эле партия сатып алды 2000сомдон берип акча бербеди деген партия жок баары берди
+1
mmrhtbk
2020-10-04 22:43:35
kulubaev91
Ыйман нуру берген жок
0
Bars88
2020-10-04 22:33:34
Кана эл учун иштейм деген бир партия жок болду.Баары ичем жейм дегендер бир бычакка сап болчусу жок
0
Aman_Mansurov
2020-10-04 22:34:20
Сооронбай таза шайлоо менен келген эмес, бул кишиден таза шайлоо күтпөй эле коюш керек.
+4
ilbirs
2020-10-04 22:35:45
Бабановдун акчасы болбосо республика партиясы эчким болбой калат экенго
+3
Aman_Mansurov
2020-10-04 23:38:02
ilbirs,Бабановтун акчасы эмес, Бабанов шайлоого катышпаганы үчүн өткөн жок Республика. Эл Бабановту шайлап жүргөн, республиканы эмес.
-2
kyialreal
2020-10-04 23:47:07
Силер кайсы партияны иштейт ойлодунар эле .
Азыр эл эч шугур кылбайт, бардын баркына жетпейт , элдин озунун пэйили бузулган .
Пейил онолмоюнча эл онолбойт . Ассалам алейкум !
0
zam81
2020-10-04 23:56:38
5жыл жашагыла Эми Ошо акчага эртен эле чыгышат анан умный болуп жамандашып алганын унутуп
0
Ruslan-Gaparov
2020-10-05 00:04:09
Путин чечет Путинге КЫРГЫЗСТАНды которо турган адам керек емес тушуротурган адамдар керек
0
Kred
2020-10-05 00:29:58
Эми эптеп олбо жаным олбо деп жашайт экенбиз да. Элдин озунун пейилине жараша бийлиги да келди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан