Ошто "Тонировка" жана "Госномер" аттуу рейд жүрүп, 2 күндө 105 унаа кармалды

Ош шаардык ИИБнин жетекчисинин буйругу менен шаарда 27-ноябрдан 2-декабрга чейин "Тонировка" жана "Госномер" деген аталышта рейд жүрүүдө. Алгачкы 2 күндө эле жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер көптөгөн эреже бузуулардын бетин ачышты. Мисалы, 27-28-ноябрь күндөрү айнектери караңгылатылган жана мамлекеттик номери жок 105 унаа кармалган. Ошондой эле унааны мас абалында башкарып бара жаткан 8 айдоочу колго түшкөн. Аталган унаа ээлерине тиешелүү чаралар көрүлгөнүн Ош шаардык ИИБи билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан