ЖКда "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Аталган мыйзам долбоору Ош аэропортунун жаңы аэробекетин, жүктөө терминалын курууга, учуп-конуу тилкесин узартуу максатында демилгеленүүдө. Депутаттардын айтымында, жыл өткөн сайын жүргүнчүлөрдүн саны өсүп, эл аралык каттамдар көбөйгөндүктөн, Ош аэробекетин кеңейтүү зарылдыгы бар. Аэробекет аймагын кеңейтүү үчүн Нариман айыл аймагынан 7 гектар жер каралып жатат. Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.