Көңүл буруңуз! «Фрунзе» гипермаркет тармагы кардарларын кооптуу SMS билдирүү жөнүндө эскертет

"Фрунзе" гипермаркет тармагы (ЖАК "Партнер Кей Джи") расмий түрдө эч кандай ойнотулуш же сурамжылоо өткөрбөгөндүгүн билдирет.

11-октябрда интернет тармактарында, тактап айтканда, WhatsApp жана Facebook социалдык тармагында кол салгандар белгисиз шилтеме менен «Фрунзе» гипермаркетинин атынан спам-билдирүү таратыла баштады, ал шилтеме баскычын колдонгон учурда телефонуңузга зыян келтириши мүмкүн.

Билдирүүдө Фрунзенин туулган күнүнүн урматына 12 000 сомго купон таркатылып жаткандыгы жөнүндө текст бар.

Жөнөтүүчү анонимдүү же алуучунун досу, же тууганы болушу мүмкүн.

Телефонуңузга вирустарды жуктурбоо үчүн алдын алуу чарасы катары, "Фрунзе" билдирүүлөрдөгү шилтемелерди колдонбооңузду сунуштайт, эгерде сиз шилтемени билбей басып алсаңыз, андан ары билдирүүнү жайылтпаңыз, жеке маалыматыңыз менен бөлүшпөңүз жана белгисиз номерлерге SMS жөнөтпөңүз.

"Урматтуу достор! Бардык ойнотулуш жана белектерди ыйгаруу расмий баракчаларыбызда жарыяланат. Белгисиз шилтемелерди колдонуудан мурун маалыматты тактап, текшерип чыгууңузду өтүнөбүз".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан